• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирзиёев, Рахмон жана Эрдоган Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Өзбекстан Республикасынын көп улуттуу элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сизди жана бир тууган Кыргыз Республикасынын элин Сиздин өлкөнүн улуттук майрамы — Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Өткөн жылдардын аралыгында Кыргызстан коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү жана реформаларды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркы өстү.

Өзбекстан акыркы жылдары өзбек-кыргыз мамилелеринде ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлине жетишкендигине, эки тарапка тең кызыкчылык туудурган көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну бардык багыттар боюнча ырааттуу кеңейтүүгө зор маани берет.

Ортобузда түзүлгөн жеке байланыштарды абдан жогору баалайм. Сиз менен биздин мазмундуу жана өндүрүмдүү аңгемелешүүлөр көз караштардын жалпылыгын жана өз ара аракеттенишүүнү мындан ары тереңдетүүнүн түйүндүү маселелери жана регионалдык күн тартиби боюнча эки мамлекеттин позициясы бирдей экендигин дагы бир ирет айгинеледи.

Биз Өзбекстанда Кыргызстан менен салттуу достук, жакшы коңшулаштык жана стратегиялык кызматташтык мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү турабыз.

Ачык жана конструктивдүү диалогду улантуу, жетишилген макулдашууларды ырааттуулук менен конкреттүү ишке ашыруу өз ара урматтоого жана колдоого негизденген жана өлкөлөрүбүздүн, элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган өзбек-кыргыз мамилелерин тереңдетүүгө, ошондой эле региондо тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болот деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана прогресс каалады.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Эгемендүүлүк күнү — Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы — Сизди жана Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктап жана жакшы каалоо-тилектерди айтууга жагымдуу мүмкүнчүлүк түздү.

Тажикстан достук жана жакшы кошуналык жана биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын салттуу мамилелеринин жогорку динамизмин арттырууга кызыкдар болгон жана мындан ары дагы кызыкдар бойдон калат.

Эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү кызматташтык биргелешкен аракеттер менен эки элдин кызыкчылыгы үчүн өнүгүүнүн жолуна алып чыгат деп терең ишенем.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүнө байланыштуу Сизди жана боордош кыргыз элин чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Ортоктош тил, тарых, ишеним, маданият жана баалуулуктар менен биз байланышып турган Кыргызстан менен мамилелерибиз жана кызматташтыгыбыз келечекте Сиздин зор салымыңыз менен дагы да өнүгө тургандыгына терең ишенем.

Турк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин VI Саммити жана Стратегиялык Кызматташуунун Башкы Кеңешинин төртүнчү жыйынына байланыштуу 2018-жылдын 1-3-сентябрь күндөрү Сиздин абдан ажайып кооз өлкөңүзгө келгенимде Жогорку мартабаңыз менен жолугуу мага кубаныч тартуулайт.

Учурдан пайдаланып Жогорку мартабаңызга ден-соолук, бакыт- таалай жана ийгилик, дос жана боордош кыргыз элине болсо тынчтык, бакубаттууулук жана амандык тилейм», — деп белгиленет Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосунда.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий