• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ММКФ июль айында медкызматкерлерге 255 млн сом кенемте төлөдү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан коронавирус менен күрөшүүгө тартылган саламаттык сактоо кызматкерлерине 2021-жылы июль айында 255 млн 234 миң 855 сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 3 миң 341 дарыгер, 6 миң 436 орто, 2 миң 211 кенже медицналык жана 3 миң 618 башка кызматкерлер. Аймактарга бөлүп, ай сайын төлөнгөн төлөмдөр:

- Бишкекте жалпы 9 миң 290 кызматкер, анын ичинде 1 мин 868 дарыгер, 3 миң 904 орто, 681 кенже медициналык жана 2 миң 837 башка персонал. Төлөм 118 903 450 сомду түздү;

- Чүй облусунда жалпы 1 миң 381 кызматкер тартылган, анын ичинде 289 дарыгер, 596 орто, 331 кенже медициналык жана 165 башка персоналдар;. Төлөм 37 908 810 сомду түздү;

- Ош облусунда жалпы 1 миң 692 медкызматкер тартылган, анын ичинен 455 дарыгер, 599 орто, 431 кенже жана 207 башка кызматкерлер. Төлөм 38 078 430 сомду түздү;

- Баткен облусунда жалпы 514 кызматкер тартылган, анын ичинде 146 дарыгер, 192 орто, 129 кенже жана 47 башка персоналдар. Төлөм 9 757 767 сомду түздү;

- Жалал-Абад облусунда 1 миң 113 медкызматкер ишке тартылган, анын ичинде 240 дарыгер, 465 орто, 255 кенже жана 153 башка персоналдар. Төлөм 21 090 312 сомду түздү;

- Ысык-Көл облусунда жалпы 893 медкызматкер ишке тартылган, анын ичинде 187 дарыгер, 367 орто, 123 кенже жана 37 башка персоналдар. Төлөм 17 025 111 сомду түздү;

- Нарын облусунда 441 медкызматкер ишке тартылган, анын ичинде 94 дарыгер, 187 орто, 123 кенже жана 37 башка персонал. Төлөм 6 667 012 сомду түздү;

- Талас облусунда 366 медкызматкер ишке тартылган, анын ичинен 146 дарыгер, 126 орто, 68 кенже жана 26 башка персоналдар. Төлөм 5 803 963 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий