• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун Орке айылындагы мектептин курулушу 74 пайызга даяр

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Ош облусунун Орке айылындагы Ч. Тулѳбердиев атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, учурда 74 пайызга даяр болуп калды. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан үйдүн чатырын, терезе блокторун орнотуу жана имараттын электр куроо иштери аякталды. Ички жасалгалоо иштери, ошондой эле жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери аяктоодо.

Мындан тышкары, сырткы жасалгоо иштери жана аймактын металл тосмолору да башталды.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында башталган. Объекттин сметалык наркысы 986 миң 750 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 532 миң 845 доллары каржыланды.

Мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий