• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медицина кызматкерлери үйлөрдү тазалоо үчүн кыдырууларды жүргүзгөн жок – республикалык штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Медицина жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери адамдарды текшерүү жана үйлөрдү тазалоо үчүн кыдырууларды жүргүзгөн жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий