• 88.68
  • 95
  • 0.95

Молдогазиев Филиппиндин элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Филиппиндин Кыргызстандагы элчиси Мария Агнес Магласанг Сервантести ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, Айбек Молдогазиев Мария Агнес Магласанг Сервантести Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү үчүн ийгиликтүү ишмердигин каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий