• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва районунда тамекинин зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Москва районунда тамекинин ден соолукка зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Москва районунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 7-декабрынан 10-декабрга чейин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүштү.

"Иш-чара учурунда коомдук тамактануучу жайлар, кафе-ресторандардын администрациялары менен жолугушуулар болуп, жогорудагы мыйзамдын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тамекинин зыяндуу заттарынан коргоо үчүн атайын тамеки чегүүчү жайлардан болуусу жана анын талаптары жарандарга тейлөө көрсөтүүчү жайлардын ээлерине эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда Москва районунун аймагында 18 соода сатык жайлары, 8 кафе, 2 ресторан, 12 коомдук тамактануучу жайлар жана башка жайларда жүргүзүлдү.

Москва райондук милиция кызматкерлери тарабынан иш-чара учурунда 157 эскертмелер таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий