• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кармалган 50 ашык кыргыз жараны бошотулду

Коом 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. Москва шаарынын "Москва" соода борборунда 11-мартта кармалган элүүдөн ашык кыргыз жараны бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соода борборунда өткөн атайын операция полиция кызматкерлеринин пландуу текшерүүсү болгон. Мындай иш-чараны укук коргоо органдары маал-маалы менен өткөрүп турат.

Текшерүү учурунда кармалгандардын баарынын Россиянын аймагында мыйзамдуу же мыйзамсыз жүргөнү жана башка административдик талаптардын сакталышы текшерилген.

Элчилик Москва полициясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын 50дөн ашык жараны бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий