• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада Кыргыз киносунун күнүнүн салтанаттуу ачылышы болду

Маданият 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Россиядагы Кыргызстандын күндөрүнүн алкагында Москвадагы “Молодежный” кинотеатрында Кыргыз киносунун күнүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ачылыш аземи департаменттин директору Мукталы Бектеналиев жана атамекендик режиссерлор Ники Жолдошева менен Дастан Жапар уулунун катышуусунда болду.

Кино сүйүүчүлөрүнө эл аралык сынактарда лауреат болгон «Завещание отца», «Сүтак» жана башка бир катар атамекендик тамсалары тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий