• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүүсү анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз боло албайт

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Коррупция” жана “алдамчылык” беренелери менен айыпталып, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер болуу ниети анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз болуп бере албайт. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине юридика илимдеринин доктору, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, талапкерлерди каттоо процесстеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан бардык процедуралар мыйзамда так көрсөтүлгөн. Бирок, биздин мыйзам Текебаевдин абалындай маселелерге ылайыкташылган эмес.

“Бул өзгөчө кырдаал. Мисалы, Россиянын Мамлекеттик Думасына өткөн шайлоодо Благовещенск шаарынын мэри убактылуу кармоочу жайда отуруп, ошол жактан талапкер болуу аракетин жасаган. Ошондой эле, 20 миң кол топтогонго да жетишкен. Бирок, кармоонун шарттары адам талапкер катары катталганы үчүн өзгөрбөйт. Буга эч кандай негиз жок. Мурдагы мэр сотко кайрылып анын баш коргоо чарасын жеңилирээк жагына өзгөртүп берүүнү өтүнгөн. Бирок сот аны негизсиз деп тапкан. Балким, Текебаев дагы ушундай аргументтер менен өтүнүч кат жолдойт. Бирок бул анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз эмес. Кылмыш кодексинде мындай шарттар каралган эмес”,-деди Кайрат Осмоналиев.

Ошондой эле, ал мамлекеттик тил боюнча тестирлөөнүн тартиби жакынкы убакытта өкмөт тарабынын бекитилээрин билдирди. Сынакты Мамлекеттик тил боюнча атайын түзүлгөн комиссия жүргүзөт. БШК сертификаттарды гана кабыл алат. Эгер талапкердин сертификаты жок болсо, аны каттоо автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

Мындан тышкары БШК мүчөсү документтерди тапшырууда, кол чогултууда, күрөө коюуда талапкердин өзүнүн катышуусу зарыл эмес экенин, ал эми мамлекеттик тил боюнча билимин текшерүүдө өзү барышы шарт деди. “Ушуну эске алганда, Текебаев УКМКнын кармоочу жайында отурса ал кантип сынак тапшырат, бул мамлекеттик комиссиянын иши”,-деди Осмоналиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий