• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кыргызстандык 2 жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Москвада кыргызстандык 2 жаранды мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-мартында атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иш чаралардын жүрүшүндө ИИМдин каттоосунда турган УКТнын мүчөсү, Ош облусундагы Өзгөндүн жашоочусу 1982-жылы туулган Д.А., аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган.

Кармалган жаран 2019-жылдын 26-январында Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылынын тургуну 1986-жылы туулган Э.Ж., аттуу жаранды уруп, 90 миң сом акчасын тартып алып койгон.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

"2017-жылдын 30-декабрында РФнын Москва шаарынын “Люблино” метросунун жанында жайгашкан “Алмаз” кафесинен Кыргызстандын эки жаранын уурдап кетишип, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Бул факт боюнча шектүү катары Д.А., карата 2018-жылдын 3-январында Россия Федерациясынын Башкы тергөө органы тарабынан РФнын Жазык кодексинин 105-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү жаран Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий