• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сот Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.05.21./Кабар/. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун чечими менен шектүүнүн ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат.

Эскерте кетсек, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий