• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кызганычтан улам мекендешине кол салган кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Москва шаарында кызганычтан улам мекендешине кол салган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция кызматкерлери Кыргызстандын ал өлкөдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга бычак менен кол салган И.Р. аттуу шектүү жаранды кармашты.

Кармалган жаран Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция бөлүмүнө жеткирилип, кылмыш ишти жасагандыгын мойнуна алган. Ал кол салууга кызганыч себеп болгонун билдирген. Шектүү Кыргызстандын 23 жаштагы И.Р. аттуу жараны болот.

Азыркы учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2-февраль күнү саат 15:28дер чамасында Москва облусунун Павшинск бульвар көчөсүнүн №12 үйүнүн аймагында белгисиз жаран 24 жаштагы кызга кол салган.

Жабыркаган кыз 24 жаштагы Кыргызстандын Р.А. аттуу жараны болот. Ал учурда ооруканада, абалы туруктуу экендиги кабарланды.

Аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси ("Курал катары колдонулган куралдарды жана предметтерди пайдалануу менен жасалган денеге атайылап оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий