• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: 10-мартка карата 74 миңден ашык салык төлөөчү декларация тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10-мартына карата 74 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, анын 54 миң 76сы электрондук түрдө берилген.

Тапшыргандардын ичинен 14 миң 692 юридикалык жак, 27 миң 669 жеке ишкер, 19 миң 663 жеке жак, ошондой эле 12 миң 86 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий