• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: 11 айда 185,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 185 млрд 848,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55,8 млрд сомго көп.

Анын ичинде 140 млрд 685 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 млрд 965,5 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 147%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 45 млрд 163 млн сомду түздү. План 1 млрд 423 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын 11 айына салыштырмалуу 10 млрд 898,1 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 131,8%).

Пикир

Оставить комментарий