• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Уюмдар жана жеке ишкерлерде салык отчетун берүү үчүн электрондук кол тамга алууга бир ай бар

Экономика 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Уюмдардын жана жеке ишкерлердин, анын ичинде патент менен иш жүргүзүп жаткандардын салык отчетторун электрондук түрдө берүү үчүн зарыл болгон квалификациялуу электрондук кол тамга алууга бир ай убактысы бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

Белгилей кетсек, бул категориядагы салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө берүүгө өтөт.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул мезгилден тартып салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала алууга чакырат.

Бул үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда электрондук башкаруу тармагында аккредитациядан өткөн, Адистештирилген операторлорго кайрылуу зарыл:

– Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» МИ (Бишкек ш., Ч.Валиханов к., 2 (Чолпон-Ата к.), (0312)98-61-90, 98-61-90, 98-61-91, www.infocom.kg, support@infocom.kg);

– «DosTek group» ЖЧКсы (Бишкек ш., Коенкөзов к., 8, (0312) 96-03-60, www.dostek.kg, office@dostek.kg);

– «Юниверсал Бизнес Репорт» ЖЧКсы (Бишкек ш., Тимирязев к., 80, 8-каб., (0312) 98-68-66, www.ubr.kg, sale@ubr.kg).

Эске салсак, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер булуттуу электрондук кол тамганы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынан акысыз ала алышат.

Кененирээк маалыматты www.sti.gov.kg сайты же 116 номери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий