• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК жарым жылда акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду өткөрөт

Экономика 0

Бишкк, 17.01.22. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январынан 1-июлуна чейин өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрөт.

Тактап айтканда, январь айынан баштап тамеки буюмдары боюнча, 1-февралдан тарта алкоголдук продукция боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Долбоорду Салык кызматы Кыргызстанда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырат.

Долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтөт жана жөнөкөйлөтөт, милдеттүү маркалоого тийиштүү акциздик товарларды өндүрүү жана/же импорттоо менен алектенген субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, долбоордун жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларына же алардын таңгагына идентификациялоо каражаттарын колдонуу аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдери апробацияланат.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты “Текшер” системасынын www.teksher.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий