• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мугалимдерди даярдаган И.Арабаев атындагы университетке өзгөчө макам берилген жок. Эмнеге?

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу өзгөчө макам берилген окуу жайлардын катарына Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети кирбегенинин себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, тизмеге мамлекеттин бүгүнкү күндөгү жашоосун жакшыртып, камсыздаган адистерди даярдаган окуу жайлар кирген.

“Алардын ичинде 90 жылдык тарыхы бар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, бул окуу жай дагы студенттерди мугалимдик кесипке окутат. Ал эми Ош мамлекеттик университети акыркы жылдардагы жетишкендиктери үчүн тизмеге кирген. Медакадемия менен агрардык өлкө болгондуктан К.И. Скрябин атындагы университет, техникалык багыт боюнча Политех тандалды. Ушул университеттер чындап эффективдүү болуп, өсүш берсе, анда башка университеттерге дагы ушундай эркиндиктерди берүүгө даярбыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, күн мурун, 18-июлда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жарлык менен төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статус берилет:

– Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

– И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

– К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;

– И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

– Ош мамлекеттик университети.

Пикир

Оставить комментарий