• 88.68
  • 95
  • 0.95

СOVID-19. Казакстанда өткөн суткада 1450 адамдан илдет табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 450 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 502, Алматы шаарында – 589, Шымкент шаарында – 31, Акмоло облусунда – 24, Актөбе облусунда - 4, Алматы облусунда – 69 Жетысу облусу - 43, Атырау облусунда - 32, Чыгыш-Казакстан облусунда – 6, Жамбыл облусунда – 51, Батыш-Казакстан облусунда – 5, Караганда облусунда – 40, Костанай облусунда - 2, Кызылорда облусунда – 13, Мангистау облусунда – 6, Павлодар облусунда - 11, Түндүк-Казакстан облусунда – 2, Түркстан облусунда – 5 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 319 миң 494 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий