• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мурас" футболдук турниринин графиги

Спорт 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Бишкекте 14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, “Газпром балдарга” спорт комплексинде (“Арча-Бешик”) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.

Оюндар КТРК спорт (А, В топтору) жана ЭЛТР (С, D топтору) телеканалдарынан түз алып көрсөтүлөт.

Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий