• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Учурда Аскарбек Шадиевге 304-беренеге ылайык кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жоопту кызматта отуруп ири өлчөмдөгү зыян келтиргени үчүн сырттан айып тагылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы вице-премьер-министрге издөө жарыяланган.

“Андан сырткары Шадиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштык кирешелерди легалдаштырууга байланышкан бир катар кылмыш иши козголгон”, - деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал Шадиев өлкөдөн тышкары жакта жүргөндүгүнө байланыштуу КРнын атайын кызматтары Аскарбек Шадиевди издөө үчүн Интерпол менен биргеликте иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий