• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мусаев: Президент кызматына киришкен күндөн тартып, сот тутумун реформалоого чечкиндүү аракеттерди көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик кызматына киришкен күндөн тартып Кыргызстанда укуктук мамлекетти курууга, реалдуу парламенттик демократияны чыңдоого жана мыйзамдын артыкчылыгын камсыздоого чечкиндүү аракеттерди көрө баштады. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мурда деле сот тутумунда реформалар жүргүзүлүп келген, бирок күтүлгөн натыйжаны берген эмес.

“Президенттин колдоосу жана эрки менен акыркы жылы бул багытта реалдуу иштер башталды. Өткөн жылы президент Жапаров судьялар менен жолугуп, анда сот тутумунун айланасында түзүлгөн кырдаал жана көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөр жөнүндө ачык-айкын маек курган. Ошондон кийин жалпы судьялардын эмгек акысы көтөрүлүп, материалдык-техникалык камсыздоо жанданды. Бул президенттин чечкиндүүлүгүнүн белгиси”, - деди ал.

Мусаев сот тутуму жакыр болбош керектигин айтып, бул коррупцияга каршы бөгөт чараларынын бири экенин белгиледи. "Социалдык камсыздоо жакшы болсо соттор келечекти ойлонуп, өздөрү эле таза иштөөгө аракет кылат", - деди ал.

“Ал эми быйыл март айында соттордун курултайы өтүп, анда президент соттордун аймактык тиешелүүлүгүнө көңүл бурулбай калганын айтып, ушул багытта иш алып барууну сунуштаган. Анткени, көп учурда судьялар өз аймактарына дайындалып, кызыкчылыктардын кагылышы жана нааразычылыктар болуп келген. Президенттин жарлыгы менен бул көйгөй чечилип, 30-апрелде 312 судья ротацияланды”, - деди Мусаев.

Анын айтымында, сотторду ротациялоо биринчи жолу чоң масштабды болду. “Бул оңой эмес экен, анткени 312 судьянын артында 312 үй-бүлө турат. Жубайларын ишке, балдарын мектеп же бала бакчага орноштуруу, турак жай маселесин чечүү сыяктуу маселелер бар. Бирок, ага карабай соттор ротациялоону туура кабыл алып, 10-майдан тартып жаңы кызмат орундарында ишке киришти”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий