• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тууну өзгөртүү. ЖК комитети мыйзам долбоорун II, III окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өлкөнүн туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.

Комитеттин жыйынына туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев да катышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын туусун өркүндөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын туусундагы нурлардын формасын толкун сымал формалардан күндүн нурларына так окшош формага өзгөртүү сунушталат.

Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков гербдин жана туунун эскиздеринин үстүндө эки башка авторлор тобу иштегенин айтты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев туунун түп нускасы тууралуу маселени тактады. Туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев 1992-жылы сунушталган туунун эскиздери тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий