• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: "Арт трейд" ЖЧКсынын негиздөөчүсү суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.29 /Кабар/. Бүгүн, 19-февраль күнү Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Соттук отурумда "Арт трейд" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү суралды.

"Лицензияны 2015-жылы алдык. Мен жана 2 киши ЖЧКнын негиздөөчүсү болдук. Ал менин жана бир таанышымдын ою болчу. Биз алтын издөө менен алектенгенбиз. Андан мурдараак ар түрдүү компанияларда, анын ичинде тоо кен компаниясында иштегем. Бара-бара бул иш менен өз алдынча алектенсем деген ой келди. Ар кандай процедураларга 30 миң доллар кетти. Нурбакыт Абдыбеков коомчулук менен иштей турган болду. Менин таанышым, иш жакшы жүрсө Нурбакыттан акча келиши мүмкүн экенин айтты. Бирок андай болгон жок. Менин таанышым Нурбакытты кай жактан тааный тургандыгын билбейм. Кылмыш иши башталганга чейин Зилалиев тууралуу эч нерсе билген эмесмин. Мага таандык ЖЧК боюнча ал эч нерсе жасаган жок. Лицензия алууда жардам берген эмес", - деди ал.

Ал белгилегендей, лицензия алгандан кийин алар Ош облусунда иштешкен. Ал жакта канал казылып, кен алынып, кайра иштетүүгө жөнөтүлүп турган. Күбө кен чыккан жерге барган эмес.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий