• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январында 9,5 пайызга төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январында 22 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 9,5 пайызга төмөндөдү. Буга темир жана темирден жазалган буюмдардын кыскарышы себеп болду (32,8 пайызга), буга машина менен жабдуулар кирбейт. Мындан тышкары текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдары (25,5 пайызга), күйүүчү майдын көлөмү (6,0 пайызга), фармацевтикалык продукция (3,3 пайызга), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (21,0 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 22,5 пайызга жакын төмөндөдү, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 12,0 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү.

Пикир

Оставить комментарий