• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстандык ишкерлер Жалал-Абад шаарындагы өндүрүштүк жайлар менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган облусунан келген делегация Жалал-Абад шаарындагы өндүрүштүк жайлар менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ Өзбекстандын Наманган облусунан Жалал-Абад облусуна 50 кишиден турган атайын делегация келген. Алардын арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, маданият кызматкерлери жана журналисттер бар.

Эки өлкөнүн достугун бекемдөө жана ишкерлер арасындагы карым-катнашты жакшыртууну көздөгөн иш-чара эки күнгө созулат. Анын алкагында конокторго Жалал-Абаддагы өндүрүштүк жайлар тааныштырылып, Кыргызстандын баа жеткис байлыгы болгон жаратылышы, туристик жайлары да көрсөтүлөт.

Ал эми бүгүн Жалал-Абад шаарында "Жалал-Абад-Наманган 2021" бизнес форуму өтөт. Ага эки өлкөнүн ишкерлери катышып, бир топ келишимдерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий