• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарендра Моди: Индия Кыргызстан менен ар тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Индия тарап Кыргызстан менен ар тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Дели шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Эске салсак, мамлекет башчысы Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн келген.

Жээнбеков Нарендра Модини «Бхаратия Джаната парти» партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана Нарендра Модинин Индиянын премьер-министри болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

Ал Нарендра Модини Кыргызстанда жакында боло турчу расмий визити менен күтүп жатышканын эске салып, визит жогорку деңгээлде, жемиштүү жана ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Нарендра Моди куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Индия ар тараптуу кызматташуунун көп жылдык мамилелерине ээ дос өлкөлөр экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Нарендра Моди эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий