• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 18-апрелде кечки саат 17:24тө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кочкор районунун Арсы, Кара-Тоо, Кочкор, Семиз-Бел айылдарында-4 балл, Чолпон, Туз, Кара-Күңгөй, Саз, Орто-Токой айылдарында-3,5 балл, Комсомол айылында жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң районунун Ак-Өлөң айылында-3 балл, Оттук айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий