• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда коронавирус жуктурган учурлар төмөндөй баштады - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 04.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда коронавирус жуктурган учурлар төмөндөй баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Нарында 4-июнга карата коронавирус жуктурган 381 учур катталды.

“Облус боюнча 213 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Эпидемиологиялык анализ жүргүзгөндө коронавирус жуктурган учурлар төмөндөй баштады десек болот. Жуктурган учурлардын жогорку көрсөткүчү өткөн жумаларда болгон. Алсак, 25-майдан тарта 144 учур болсо, 1-июндан баштап 189 учурга чейин жетти. Бүгүнкү учурда абал турукташа баштады. Бейтапканаларда 163 жаран дарыланууда. Эки адам мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгондуктан үйдө болууда”, - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Нарында илдет жуктурган 5 адамдын абалы оор. Коронавирустан 3 жаран каза болгон. COVID-19 инфекциясын 86 медкызматкер жана 22 милиция кызматкери жуктуруп алган.

Белгилей кетсек, 4-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1899 учур катталды. Алардын ичинен 372си медицина кызматкери. Илдеттен 1292 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий