• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кубанычтуу кабар! Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар ооруканадан чыкты. Сүрөт

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан алгачкы 3 бейтап бүгүн ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар эки жума дарыланышкан.

"Кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында аталган жарандардан коронавирус табылган эмес. Рентгендин жыйынтыгы да канааттандырарлык экенин башкы дарыгер тастыктады. Адистердин билдиришинче бул жарандарга үй шартында эч кандай чектөөлөр жок", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов алардын абалы менен таанышып, керектүү беткаптарды тапшырган.

"Бейтаптар тамак-аш, керектүү дары-дармек жана санитардык-гигиеналык каражаттар менен толук камсыз болгонун айтышып, тиешелүү адистерге ыраазычылыктарын билдиришти", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий