• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда турак жайлар табигый кырсыктардан корголду - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда турак жайлар жана чарба үлүш жерлери табигый кырсыктардан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусундагы Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусунун 990 метр аралыктагы жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жыйынтыгында Көк-Жар айылынын 20 турак жайы жана 1 мектеп сел жана суу ташкындарынан корголду. Аталган иш-чарага КР ӨКМдин техникалык каражаттары тартылды.

Бүгүнкү күндө ӨКМ тарабынан 2300 литр күйүүчү май бөлүнүп, Жумгал районунда 1 объектиде техника каражатынын жардамы менен жумуш аткаруу пландалууда.

Белгилей кетсек, мерчемделген объектилердин арасынан эң орчундуу жана кечиктирилгис зарылчылыгы бар объектилерде жумуштар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий