• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун аймагында "Нелегал" рейди өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-июлунан 12-июлуна чейин Нарын облусунун аймагында “Нелегал” шарттуу аталыштагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Нарын облустук милициясынын тиешелүү кызматтарынын кызматкерлери тартылып, облус аймагында мыйзмасыз миграция каналдарды уюштуруу, чет элдик жумушчу күчтү мыйзамсыз тартуу, чет өлкөлүк жарандардын (жарандыгы жок адамдардын) каттоо тартибин бузуу, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Кыргызстанда эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу фактыларын жана башка миграцияны көзөмөлдөөчү мыйзам, укук-ченемдик актылардын талаптарынын бузуу фактыларынын алдын алуу, эскертүү, ашкерелөө жана мыйзамдуу чараларды көрүүгө багытталган иштер аткарылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө, чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча 2 факты аныкталып, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренесинин негизинде КЖБРне каттоого алынып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандардын ( жарандыгы жок адамдардын) каттоо тартибин бузуу боюнча 7 факты аныкталып, КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренесинин негизинде протоколдор түзүлдү.

Нарын ОИИБи Нарын облусунун тургундарын жана конокторун (анын ичинде облус аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган чет элдик жарандар) миграцияны жөнгө салуучу мыйзамды жана башка укук-ченемдик актылардын талаптарын аткарып, мыйзамдуулукту сактоого чакырат.

Чет өлкөлүк жарандарды каттоо, чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу тартиби боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарына, мамлекеттик улуттук коопсуздук органдарына, калкты тейлөө борборлоруна жана миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарына кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий