• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жана Баткенде аймактардагы бизнести өнүктүрүү боюнча Business Caravan өттү

Аймак 0

Ош, 21.11.18. /Кабар/. Ош жана Баткен облустарында 13нөн 16-ноябрга чейин Business Caravan ишкерлер форуму өтүп, ал иш-чарага 400дөн ашуун бизнес өкүлдөрү катышкан.

Бишкек, Талас жана Нарын облустарынын ишмерлери чогулуп үч күндүн ичинде өлкөнүн түштүк шаарларын кыдырышкан.

Баткен шаарында аталган форум 16-ноябрь күнү болуп өткөн. Бул форумга Баткен облусунун жана Кыргызстан менен Таджикстандын чек ара райондорунан 200дөн ашуун ишкерлер катышкан. Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар, В2В жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, азыктардын жана кызматтардын көргөзмөсү өткөрүлүп, маалымат менен бөлүшүү болгон.

Ошондой эле иш-чара Ош шаарында болуп өттү. Форумда аймактарда бизнести өнүктүрүү маселеси талкууланган.

Ошондой эле Европа рыногуна азыктарды экспорттоо, ПЖС+ системасынын мүмкүнчүлүктөрү, НАССР азык-түлүк коопсуздугу жана энергоэффективдүү технологияларды колдонуу ж.б темаларында тренингдер өткөрүлдү.

«Business Caravan» –JIA Бизнес Ассоциациясынын демилгеси. Аталган долбоордун максаты КРнын ар кайсы аймактарынын ишкерлери үчүн баарлашуу жайын түзүү жана өнөктөштүк мамилесин орнотуу.

Пикир

Оставить комментарий