• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаардык мэриясынын алдында өндүрүштүк муниципалдык ишкана түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Нарын шаардык мэриясынын алдында Нарын өндүрүштүк муниципалдык ишканасы түзүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, ишканага Айтбек Мааткеримов директор болуп дайындалды.

Белгиленгендей, Нарын шаарынын Теке-Секирик аймагындагы инвесторлор тарабынан курулуп, керектүү жабдуулар менен жабдылып, кийин муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген тигүү цехи, устакана жана наавайканалар жумуш ордун түзүү менен өзүн-өзү каржылаган, шаарды экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон өндүрүштүк багыттагы муниципалдык ишкана катары уюштурулду.

Өндүрүштү имараттарды максаттуу пайдалануу багытында ачылган муниципалдык ишканада 50 жумушчу орун түзүлүп, нан бышырып, жеңил өнөр жайы жана эмерек чыгарууну колго алышат.

Пикир

Оставить комментарий