• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын жана Ысык-Көлдүн тандалган картошкасынын биринчи партиясы Ташкентке жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Нарын жана Ысык-Көлдүн тандалган картошкасынын биринчи партиясы Ташкенттеги керектөөчүлөргө ийгиликтүү жеткирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, биринчи тапшыруунун жалпы көлөмү 1000 тонна тандалган картошканы түзөт. Бардык партия мурда лабораториялык экспертизадан өтүп, толук көлөмдө сатылып кетти.

Бул Өзбекстандагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн аракетинин аркасында ишке ашты.

Бул жеткирүү Өзбекстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты гана көрсөтпөстөн, соода-экономика тармагындагы келечектеги өнөктөштүккө жол ачат.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстандын ири импорттоочулары менен жогорку сапаттагы Нарын жана Ысык-Көл картошкасын Ташкентке жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий