• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында дээрлик 36 миң адам толук эмдөөдөн өттү – Табылды Жакыпов

COVID - 19 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. ‍ Бүгүнкү күндө Нарын облусунда эмдөө иштери интенсивдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу брифинг учурунда КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Нарын облусу боюнча координаторунун орун басары Табылды Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда эмделе турган контингенттин саны 102 миң 414 адамды түзөт.

“Облус боюнча ар бир райондо эмдөө пунктары ачылып, эмдөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө биринчи доза менен 49 миң 191 жаран эмдөөдөн өттү, бул 48%ды түзөт. Ал эми экинчи доза менен 35 миң 920 адам эмделди, бул 35%ды түзөт", - деди Табылды Жакыпов.

Ал облуста COVID-19ду алдын алуу жана эмдөө боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. “2021-жылы Нарын облустук бириккен ооруканасында жаңы салынган 70 орундуу, анын ичинен 20 реанимациялык койкасы бар жугуштуу оорулар бөлүмү ишке берилип, бүгүнкү күндө ал бөлүмдө кызыл зона катары COVID-19 менен ооруган бейтаптар дарыланууда”, - деди Жакыпов.

Мындан тышкары, ал калкка маалымат берүү жана биринчи жардам көрсөтүү үчүн 16 мобилдик топ жана "118" колл-борбор иштеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде жалпы облус боюнча эки учур катталган, алар ооруканадан тышкаркы пневмония оорусу менен жабыркагандар. Ал эми COVID-19 оорусу катталган эмес, эки адам айыгып үйүнө чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий