• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Нарын облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 08:26да Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий