• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында куткаруучулар чуңкурга түшүп кеткен жаранды чыгарышкан

Кырсык 0

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Нарын шаарында куткаруучулар чуңкурга түшүп кеткен жаранды чыгарышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында Айгыр-Жал көчөсү №15 дарегинде 1986-жылы туулган Т.Э. аттуу эркек экскаватор каскан чуңкурга кулап кетип, топурак басып калган.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды чыгарып 103 кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий