• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында милиция кызматкерлери окуучулар арасында спорттук мелдеш өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. 12-мартта Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, жаштарды сергек жашоого үндөө жана патриоттуулукка тарбиялоо багытында кыздар арасында спорттук иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага райондун аймагындагы орто мектептеринин окуучулары катышып, бул спорттук мелдеш мектеп аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө жана окуучулар бири-бири менен жакындан таанышууга шарт түзүлүп, оюн кызуу уланып, оюнду уюштуруп берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өтүштү.

Жыйынтыгында катышкан командаларга Ат-Башы РИИБи тарабынан кубок, грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий