• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында сак дооруна таандык петроглифтер табылды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагынан сак дооруна таандык петроглифтер табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, тарыхый табылгалар коруктун кызматкерлери тарабынан 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин жүргүзүлгөн экспедиция учурунда табылган.

“Петроглифтер тартылган жаныбарлардын изи түшүрүлгɵн таштар биздин заманга чейинки II, III, IV, VI кылымдарга таандык”, - деп белгиледи Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин тарых институтунун доценти Солтобаев.

Пикир

Оставить комментарий