• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында шайлоо күнү коомдук тартип тыкыр көзөмөлгө алынат – облустук милиция

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Нарында шайлоо күнү коомдук тартип тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Бүгүн, 25-сентябрда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында 4-октябрь күнү өтө турган шайлоого карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын саптык кароосу өткөрүлдү.

Иш-чарага облус башчысы Эмил Алымкулов, Нарын ОИИБдин начальниги Улан Аалиев, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курманбек Кудайбергенов катышты.

Саптык кароодо облус аймагында мыйзамдуулукту сактоо менен коомдук саясий кырдаалды күчөтүлгөн тартипте тыкыр көзөмөлгө алуу, мыйзамсыз иштерге ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле өзгөчө маанилүү объектилерде жана шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар айтылды.

Мындан тышкары, Нарын облустук жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жалпы кызматкерлери өздүк гигиенаны туура сактоо максатында жеке коргонуучу каражаттар, ошондой эле кызматтык автоунаалар менен камсыз болушту.

Пикир

Оставить комментарий