• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында заманбап мал союулуучу цех ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап мал союучу цех ачылды. Ачылыш аземине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ЮСАИД уюмунун өкүлү Луис Фернандес, ЮСАИДдин Агро горизонт программасынын жетекчиси Агнес Луз, КР Экономика министрлигини өкүлү Алмаз Кайырбеков, «Тойбосс» ишканасынын генералдык директору Мырза Орунбаев, район акими Нурлан Керимкулов жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчы мындай заманбап шартта биринчи жолу салынган мал союлуучу жайдын ачылышы менен куттуктап, ишканага кең келечек жана өнүгүү каалады. Сөз кезегинде мал киндиктүү облустун учурдагы абалы жана малды асылдандырууга болгон аракеттер жөнүндө, ошондой эле өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттоо багытында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Мындан сырткары, ишкана аркылуу калктын малын жеткиликтүү баада кабыл алууга жана анын продукциясын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, тиешелүү келишимдер аркылуу алыска барбастан мал ээлери ишкана менен иштешүүгө болоорун билдирди.

«Мал киндиктүү аталган облуста Совет мезгилинен кийин айыл чарба продукцияларын иштетүү жана кайра иштетүү солгундап калганы көпчүлүккө маалым. Акыркы мезгилде, облустун өнүктүрүү стратегиясына ылайык, бул багытта ишти жандандыруу боюнча каражат бир катар аракеттер көрүлүүдө. Жеке ишкерлер тарабынан, жергиликтүү бийлик тарабынан дагы долбоорлор иштелип чыгып, тиешелүү жактарга сунушталып келген. Максаттарыбыз четинен ишке ашып, калктын мүдөөсү орундалып жатат. Себеби, айыл чарба продукцияларын иштетүү боюнча толук камдуу шарттар түзүлүүдө».

А.Кайыпов долбоорду ишке ашырып жаткан «Тойбосс» ишканасына жана мал союучу жайды ачууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн АКШнын ЮСАИД - Эл аралык өнүгүү агенттигинин жетекчилигине, Кыргызстанда бул багытта иш алып барган жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Салтанаттын катышуучулары куттуктоо сөз сүйлөгөн соң кызыл тасма кесилип, мал союулуучу жайдын иши менен таанышып чыгышты.

Түркиялык технология менен курулган мал союучу жай суткасына 30 баш бодо союга ылайыкталган. Анда лаборатория, малды карантинге кармоочу жайы, бордоп семиртүүчү жайлары камтылган. Инвестициялык жалпы көлөмү 40 млн сомду түзгөн ишканада 15 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий