• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Атамбаев жумушчу сапар менен Нарын облусуна келди

Президент 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-сентябрда жумушчу сапар менен Нарын облусуна келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Президент эртең, 8-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» программасынын алкагында Нарын шаарында көп батирлүү үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышат жана Нарын облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушат.

Андан соң Мамлекет башчысы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чекилдек айылында жаңы мектептин ачылыш аземине катышып, Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий