• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Насип", "Greyder", "Бимар". Дагы кайсы дүкөн жана кафе-ресторандар санитардык талаптарды бузган?

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Эпидемиологиялык кырдаалга, ооруну жуктургандардын көбөйүшүнө байланыштуу санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, санитардык-экологиялык инспекциянын тобу күндүз бардык супермаркеттерди, гипермаркеттерди жана соода борборлорун кыдырып, түнкүсүн кафе-ресторандарга көзөмөлдү күчөттү.

"Беткап режимин сактабагандыгы, кире бериште дезинфекциялоочу килемдердин, антисептикалык каражаттардын, кызматкерлердин саламаттыгы боюнча китептин жоктугу үчүн айрым мекемелерге айыппул салынды", - деп айтылат билдирүүдө.

"Арпа", "Кавказский дворик", "Вкус Востока", "Арсан", "Империя Пицца", «Beef burgers» кафелерине жана "Асман" жана "Насип" ресторандарына үч миң сомдон айыппул салынды.

"Brand Mix" (Азия Молл соода борбору), "Skill" (Бишкек парк соода борбору), "Greyder" (Бишкек парк соода борбору), гипермаркет "Фрунзе" (Бишкек парк соода борбору), "Бимар" супермаркети, "Fix Price" дүкөнү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузушкан.

Ошондой эле, "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренеси боюнча Москва көчөсү №194 жана Абдрахманов көчөсү №105 даректеринде жайгашкан "Народный" СБ компаниясынын эки филиалына, Ч.Айтматов көчөлөрүндөгү №61 жана М.Горький №1 / 2б даректеринде жайгашкан «Партнер Кей Джи» компаниясынын филиалына 13 миң сомдон айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий