• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог – Прокуратура кызматкери Айбек Жумабаев каза болду

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-майында прокуратура кызматкери, юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси Жумабаев Айбек Сапарбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маркумдун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Сапарбекович 44 жаш курагында узакка созулган оорудан каза болду. "Ал прокуратура органдарында 2000-жылдан Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасында кызмат өтөп баштап, облустук прокуратураларында жана Башкы прокуратурада ар кандай кызматтарда иштеген. Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту көзөмөлдөөгө кошкон жеке салымы жана кесиптик милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Ал кесипкөйлүктүн жана кынтыксыздыктын үлгүсү болуп калды. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жамааты маркумдун үй- бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Айбек Сапарбековичтин жаркын элеси аны билген ар бир адамдын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий