• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Неврологиялык ооруга чалдыккандарды эмдөөдө кандай каршы көрсөтмөлөр бар?

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн невролог дарыгери Дариха Бакаева новрологиялык ооруларга чалдыккандарды эмдөөдө кандай каршы көрсөтмөлөр бар экенин айтып берди.

Анын айтымында, жалпы алдын алуу иш-чаралары менен бирге коронавирустан эмдөөдөн өтүү керек. Эмделгенден кийин адамдын организминде бир жагынан вируска каршы антителалар пайда болуп, экинчи жагынан клеткалык иммунитетти жогорулатат.

Дарыгер эмдөөгө кандай каршы көрсөтмөлөр бар экенин санап өттү:

- Бейтаптын анамнезиндеги оор аллергиялык реакциялар;

- Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар;

- Инсульт жана инфаркт ооруларынын курч убагы;

- Өнөкөт оорулардын кабылдоосу. Бул учурда бейтап айыккандан 2 же 4 жума өткөн соң, эмдөө сунушталат;

- Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү;

- 18 жашка чейинки курак;

- Олутуу аутоиммундук өнөкөт оорулар, анын ичинде нерв системасынын жабыркашы. Мисалы: склероз, аутоиммундук энцефаломиелит, Гийена-Барре синдрому, миастения, миопатия.

Ошондой эле дарыгердин айтымында, прогрессивдүү дегенеративдик нерв ооруларында: амиотрофиялык склероз, альцгеймер, паркинсон оорулары, тукум куучулук, неврологиялык дегенеративдик оорулар, талма оорусу жана башка конвульсияларда эмдөө сунушталбайт. «Бул бейтаптар жашаган жеринде невролог дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу зарыл»,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий