• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта санитардык эрежелерди сактоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Ноокат районунун аймагында санитардык эрежелерди сактоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Абшыр-ата эс алуу жайында Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун (МКККӨБнин) туристтик взводу жана Ноокат РИИБнин кызматкерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ноокат райондук администрациясы менен Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн биргелешкен иш-планынын негизинде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Коронавирус илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча коомдук жайларда, эл көп топтолуучу жана эс алуучу
туристтик аймактарда, сууга түшүүчү жайларда, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана социалдык аралыкты сактоо боюнча эскертүүчү тактайчалары жана жарнамалар илинүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий