• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта "Унаа" мамлекеттик мекемесинин филиалы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Ноокат районунун Кайрагач айылында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин филиалы ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кайрагач айылы райондун борборунда жайгашкандыктан филиал Ноокат районунун бардык тургундары үчүн жеткиликтүү болот.

"Аталган филиал бир жума мурун тесттик режимде иштей баштаган жана бул кыска убакыттын ичинде 150 автотранспортту каттоо жана кайра каттоо иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ош облусунун аймагында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин 2 филиалы ачылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий