• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокен райондук милициясы коронавирустун жайылуусун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал режимин киргизгенден баштап Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу боюнча өз ара аракеттенишип иш алып барууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын аймагында коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу максатында санитардык-карантиндик пост орнотулган, ал постто милиция кызматкерлери медициналык кызматчылар, ӨКМнын өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Мындан тышкары, райондун ичиндеги айыл аймактарында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен элдик кошуундан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен куралган 30 кошумча пост орнотулган. Район ичинде унаа каражаттарынын жүрүшү чектелген. Посттордо тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ар бирине милиция кызматкерлери бекитилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоосун камсыздоого унаа менен жана жөө кайгуул уюштурулууда. Жергиликтүү райондук администрациясы менен биргеликте эл арасында жеке коопсуздугун сактоо боюнча сунуштулган чараларын аткаруусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, күндүзгү жана түнкү убакта коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган милиция кызматкерлеринен мобилдик топтор түзүлгөн. Ноокен аймагында жайгаштырылган обсервациялык пункттары күнү-түнү кайтарууга алынган, мындан сырткары үй карантинине жиберилген жарандарды карантиндик режимдин талаптарын сактоосу боюнча медициналык кызматкерлер менен биргеликте иш алып барышууда.

Ошондой эле, жергиликттүү тургундарга үн чыгаруучу каражаттар аркылуу коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар берилип, жеке коргонуу эрежелерин сактап, үйдөн зарыл болгон учурда гана чыгуусу, адамдар арасында аралыкты сактоосу, беткап кийүүсү, коомдук жайларга барбоосу зарылчылыгы жөнүндө айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий