• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Новиков Кара-Балта тоо-кен комбинатына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кара-Балта тоо-кен комбинатына барды, анда комбинаттын жана тоо-кен өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен сырьену ташып келип, ишканада иштетүүнү уюштуруу максатындагы жолугушууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин милдет – тоо-кен өндүрүү комбинатынын ишин толугу менен калыбына келтирүү. Учурда комбинатта алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жыйынтыкталууда. Мындай фабрикалар кен өндүрүлүп жаткан аймактарда да курулууда. Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк кубаттуулугун пайдалануу, жүктөө максатында тоо-кен ишканалары жана сырьену иштетүүчүлөр ортосунда кооперацияны жайгаруу бонча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл», - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Артем Новиков Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды, анды жакынкы мезгилде тийиштүү эмерек жана заманбап жабдылган 40 орундук жаңы корпус ачылган.

Имарат менен таанышуудан соң, премьер-министрдин м.а. тийиштүү мамлекеттик органдарга суу түтүгүн өткөрүү үчүн финансы каражатын бөлүү жана электр энергиясын пайдалануу лимитин жогорулатуу менен балдар мекемесинин аймагын көрктөндүрүү маселесин чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий