• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бир күн ичинде коронавирус 423 кишиден табылып, 461 адам айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 423 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 130 киши, Ош шаарында - 16, Чүй облусунда - 102, Ош облусунда - 35, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 33, Жалал-Абад облусунда - 50, Баткен облусунда 29 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 461 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте - 128, Ош шаарында - 26, Чүй облусунда - 78, Ош облусунда - 53, Талас облусунда - 25, Нарын облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 61, Баткен облусунда 53 киши айыкты” - деп билдирет республикалык штаб.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 киши каза болгон: Бишкекте - 3 киши, Нарын облусунда - 1, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 1 адам.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 2 миң 869 бейтап, үй шартында 3 миң 662 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 52си канааттандырарлык абалда, 1 миң 958 киши - орточо оор, 750 адам - оор жана 109 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча14 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 8, стационарлардан 3 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 879 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 587 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 71 миң 971ди түзөт. Алардын ичинен 63 миң 407 адам айыгып чыкты, 1 миң 262 киши каза болду.

Пикир

Оставить комментарий